www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер-коюучу, прозаик Геннадий Базаров 80 жашка толду.

Геннадий Садырович Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (Ж.Сегелдин устаканасы) режиссёрлук факультетин бүтүргөн.

Алгачкы чыгармачылык иштери — «Молитва» (1964) жана «Пауза» (1965) фильмдери. Жаш режиссёр ВГИКти аяктагандан кийин поэтикалык маанайды жана повесттин аныктыгын сактоо менен Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин экрандаштырган. 1968-жылы бул тасма Орто Азия жана Казакстандын кинофестивалында атайын диплом менен сыйланган.

1970-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу «Көчө» (1972) жана «Зеница ока» (1976) тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносу азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, совет адамынын эмгеги жана эрдиктерин, анын бай ички дүйнөсүн чагылдырууга өзгөчө көңүл буруп, багытталган.

Геннадий Базаров Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири. 80-жылдардын ортосунан тарта «Биринчи», «Приют для совершеннолетних», «Заговор», «Аномалия», «Каракыз», «Метаморфоза», «Исход», «Жаннат», «Нонсенс», «Ноктюрн», «Солёная долина» сыяктуу көркөм тасмаларды жараткан. 90-жылдары режиссёр - «День ангела», «Антракт», «Түндө» кыска метраждуу тасмаларды тартат. «Айтматов» жана «Сказ об искусстве» толук метраждуу даректүү тасмалары көрүүчүлөр арасында кеңири белгилүү болгон.

1994-жылдан тарта Геннадий Базаровдун «Альтернатива» автордук программасы өзгөчө социалдык-көркөм мааниге ээ болгон жана телевизиондук искусствосунун классикасына айланган. Анын «Прикосновение к Личности» (Чыңгыз Айтматов жөнүндө), «Ноктюрн», «Хава Нагила», «Суть», «Стойбище», «Гримаса», «Пауза для размышления» повесттери популярдуу.

2001-2004-жылдары Геннадий Базаров - Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын президенти, 1966-2002-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясынын режиссер-коюучусу, 2002-2004-жылдары «Кыргызтелефильмдин» директору, 2004-жылдан ушул күнгө чейин ушул студиянын режиссеру.

1974-жылы кинорежиссерго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамына ээ болуп, 1976-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган, СССРдин кинематографиясынын отличниги. 1987-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон. 1997-жылы президенттин «Алтын калем» сыйлыгынын, 1998-жылы жана 2006-жылы Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. 2003-жылы «Каракыз» тасмасы үчүн Эл аралык кинофестивалдын баш байгесин жана «Мосфильм» концернинин байгесин алган. 2006-жылы «Жылдын адамы» наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон. 2003-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости