www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда тамак-аш азыктарына жана алкоголдуу ичимдиктерге ошондой эле алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге - 9,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 4,2 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 2,4 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды.

Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (8,2 пайыз) Нарын облусунда катталган, мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (17,8 пайызга) менен түшүндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости