www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салат. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев кол койду. Документ 12-майда нормативдик-укуктук актылар сайтына жарыяланды.

Айыл чарба министрлигине белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга киргизилген чаралар жөнүндө маалымат берүү тапшырылды. Буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясы кумшекер жетишсиздигине байланыштуу Соода жана интеграция министрлигине, Айыл чарба министрлигине, "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасына кайрылган.

Казакстанда пайдаланылган кумшекердин 60% четтен келет. 2021-жылы Казакстанга 506,9 млн тонна кумшекер жана чийки зат алынып келинген. Алардын жарымы — 275,8 млн тонна Россиядан ташылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости