www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К., пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.
Буга чейин, 2016-жылы башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К., чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С., аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
2022-жылдын 14-майында КР УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С., аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К., кармалган.
Кармалган Ы.Т.К., азыркы учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.
Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg