www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактооминистри Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасындагы ызы-чуу акыркы күндөрү хайпка айланууда. Тактап айтканда, Алымкадыр Бейшеналиевдин Ысык-Көлдө кармалган кеңешчиси коомчулукта нааразычылыктарды жаратууда.

 

Белгилей кетсек, 13-майда УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторун пара алып жаткан жеринен кармаганын жарыялаган. Аны менен бирге саламаттыкты сактоо министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси да кармалганы белгилүү болгон.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын кызматкерлери саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди аэропорттон суракка алышкан.

Бейшеналиевдин айтымында, ал азыр Германияда иш сапарда жүрөт, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбойт.

Ал эми Бейшеналиевдин сурак боюнча айткандарына УКМК азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости