www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын кызматкерлери саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди аэропорттон суракка алышты. Бул тууралуу министр «АКИpress» агенттигине билдирди. «УКМКнын кызматкерлери 2 күн аңдышты. Аэропорттон кармашты. Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору менен бирге кеңешчим да кармалган. УКМКнын кызматкерлери аны коркутуптур.

Мен УКМКнын Ысык-Көлдөгү жетекчисине телефон чалгам. Кеңешчимди коё беришти. Мен УКМКнын Ысык-Көлдөгү жетекчисинен кеңешчимди коркуткан кызматкерлерди жумуштан алууну сурангам. Ал муну коркутуу катары кабыл алыптыр», - деди Бейшеналиев. «Мен 1-июнга чейин Германияда болом. «Алтын балалык» борбору ачылбашы үчүн мени камагылары келип жатат», - деди министр.

Эске салсак, 13-майда УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторун пара алып жаткан жеринен кармаганын жарыялаган. Аны менен бирге саламаттыкты сактоо министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси да кармалганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости