www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехия президенти Милош Земан ушул тапта ден соолугуна байланыштуу милдетин аткара албай жатат, анын ишке кайтуу ыктымалы өтө төмөн. Мындай маалымат Борбордук аскер госпиталынан тарады. Земан ал жерде бир аптадан ашык убакыттан бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул кабарды дүйшөмбүдө Чехия парламентинин жогорку палатасынын (Сенаттын) төрагасы Милош Выстрчил да айтты. Анын пикиринде, президенттин милдетин өлкөнүн башка жетекчилерине өткөрүп берүүдөн башка амал жок.

Сенат төрагасы - Чехия Конституциясына ылайык, кеп президентти кызматынын ажыратуу эмес, милдетин башка бирөөгө убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатканын белгиледи.

Ошол эле маалда Земандын айланасындагылар президент оорусуна карабай иштей ала турганын айтып, президенттин саясий атаандаштарын сынга алууда. Бул арада көптөгөн саясатчылар Земандын жанындагылар оорулуу президентти пайдаланып жатканын жана коомчулукка туура эмес маалымат таратылганын билдирет.

Милош Земан бир айдан ашык убактан бери эл алдына чыга элек. Чехия президенти 10-октябрда ооруканага түшүп, реанимацияга жактырылган. Бул - оппозиция көпчүлүк добуш алаары дайын болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндүн эртеси болгон. Буга чейин жергиликтүү медиа ишенимдүү булагына таянып, 77 жаштагы президенттин боорунда маселе бар экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости