www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» кыймылы 130 жоочудан турган тобун Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Шахрибузург уездине жөнөттү. Бул тууралуу «Озоди» радиосунун өз булактары билдирген. Шахрибузург Тажикстандагы Шамсиддин Шохин району менен чектеш.

«Озодинин» өз булактарынын билдиришинче, Бадахшандын борбору Файзабад аркылуу Шахрибузургга «Ансоруллах» тобунун жоочулары жана Душанбеде эл аралык издөөгө алынган «тажик талибдери» жөнөтүлгөн.

«Махди Арсландын 130 жоочусу Файзабаддан дароо Шахрибузургга жөнөтүлгөн. Талибдердин 70 кишиден турган дагы бир тобу Шугнанда жайгаштырылды», - деп билдирди Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун чек ара башкармалыгынын өкүлү. Шахрибузург уездинин жашоочулары Тажикстан менен чек арада беткапчан жоочуларды көргөнүн тастыкташты.

Шахрибузургда жоочулардын көбөйгөнүн Ооганстандын мурдагы аскер кызматкери да ырастады. «Күн мурун Шахрибузургдагы балдар менен сүйлөштүм. Алар «коноктор» келгенин айтты. Мен кимдер экенин сураган жокмун. Балдардын айтканына караганда, келген жоочулар өтө көп», - деди ал.

«Талибан» жоочулары бир айдан бери Ооганстандын Бадахшан провинциясында аскердик машыгууларды өткөрүүдө жана иш-чара учурундагы видеолорду соцтармактарда таратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости