www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту.
Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00дө аяктады.

БШК бул убакытка чейин имараттын ичине кирүүгө үлгүргөн талапкерлерден документтерди алууну улантып жатат. Айрым жергиликтүү басылмалар кайсы бир партиялар БШКга убагында жетишпей калганын жазууда. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берүүгө жетишти.

"18-октябрь, саат 18:00гө карай талапкерлеринин тизмесин түзүп жетишкен 23 саясий партиянын ичинен 21 партия документтерин толук өткөрдү. Бир мандаттуу округдардан кайрылган 377 адамдын ичинен 341и шайлоо күрөөсүн төккөнү анык болду. Учурда документтер менен иштөөнү улантып жатабыз".

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, БШКга 381 адам кайрылган. Алардын төртөө өз каалоосу менен ат салышуудан баш тарткан. Шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпы 70тен ашуун партия кайрылган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-ноябрда үгүт иштери башталат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости