www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы өзбек-кытай вакцинасы менен эмделген кишилер ажылык же умра үчүн Сауд Арабиясына бара албай жатат. Маалыматка караганда, өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн эмес жана Сауд Арабиясы аны тааныбайт.

Podrobno.uz интернет басылмасы Өзбекстан ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын сертификаттарын таануу боюнча Сауд Арабия бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков кытай-өзбек вакцинасын каттоого алуу үчүн тиешелүү документтер ДССУга жөнөтүлгөнүн айтты. “Эгер бул уюм аны тааныса, албетте, маселе чечилет”, – деп белгиледи ал.

Эске салсак, буга чейин өзбекстандыктар кичи ажылыкка (умрага) баруу үчүн Сауд Арабиясында таанылган вакциналардын бири менен эмделиши керек экени айтылган. Бул – Pfizer/BioNTech (АКШ/Германия), AstraZeneca (Улуу Британия), Moderna (АКШ) жана Johnson & Johnson (АКШ) вакциналары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости