www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык Н.Бакаевдин арызы БШКнын ыкчам жообунун координациялык тобуна келип түшкөнүн министрликтен билдиришти.

Анын айтымында, №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормон шайлоочуларды, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин сатып алуу менен алектенет. Маалымат текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

№3 Кадамжай шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Нурали Талиповго дагы бир арыз келип түшкөн. Арыз берүүчүлөр паракорчулук менен алектенгенин жазышат - ал Кадамжай районунун Кызыл -Булак айылындагы Көксал Топтан орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине мектеп формасын бекер таратат. Маалымат текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине да жөнөтүлгөн.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости