www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара талап кылуу фактысы боюнча президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.

«Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп «С.Н.» аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен А.Т.Б кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости