www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов коронавирус менен күрөшүү штабын жетектейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, жыйын учурунда COVID-19га каршы калкты эмдөө жана вакцинаны жеткирип берүү менен анын запастары талкууланды.

Эдил Байсалов жарандар арасында вакцинациядан өтүү зарылдыгы боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгилеген. Андан тышкары, кызыл зонада иштеген медиктерге кенемте төлөп берүү маселеси да каралды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 20-марттагы №171-буйругуна ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары автоматтык түрдө оперативдүү штабдын төрагасы болуп дайындалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости