www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча дегенде ата-тегин унутуп, чыпалагын гана салбай, колун матырып жиберчү өкмөт башчысы болгон. УКМК алыс-жакынга сереп салып, элдин канын соруп, жалагандарды таап, жазалай баштады. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюу боюнча шектүү катары кармалып, төлөөчүсүн төлөп коюп эми азыттыкта.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, «Кумтөр голд компаниге» геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК - Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өз активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Абылгазиев учурунда кармалып, бошонуп чыккан. Ал эми мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости