www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракалпакстандын айрым райондорунда келишим боюнча күрүч өстүргөн дыйкандарга талаадан түшүмүн алып кетүүгө уруксат берилбей жатат.
"Азаттыктын" өзбек кызматына кайрылган дыйкандардын айтымында, Тахиаташ жана Хожейли райондорунан Нукус шаарына бара турган жолго милициянын кароолу коюлду.
– Сентябрдын ортосунда күрүч жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрбөө үчүн Хожейли менен Тахиаташтан Нукуска бараткан жолдорго милиция посттору орнотулган. Мындан улам дыйкандар түшүмүн Хорезмге же Нукуска алып барып сата албай жатат. Алардын айрымдары түнкүсүн милиция кызматкерлерине пара берип өтүүгө аргасыз. Постто бир жүк унаасы үчүн 5 миллион сумдан (500 долларга жакын) алып жатышат, — дейт жергиликтүү дыйкандардын бири.
Тахиаташ райондук дыйкандар кеңешинин башчысы Саламат Бекбергенов жолдорго милициянын кароолу коюлганын билбегенин айтат.
– Эч кандай маселе көрбөй турам. Дыйкандар өз түшүмдөрүн алып кетсе болот. Мага мындай даттануу менен эч кимиси кайрылган жок. Пахта терүү иштери башталгандыктан эки айдан бери райондон сыртка чыга элекмин. Милициянын кароолу коюлганын укпаптырмын. Эгер укук коргоо органдары дыйкандарга тоскоолдук кылып, акча талап кылып жатса, мага кайрылышсын. Мен Ички иштер министрлигине кат жазам. Маселени мыйзамдын чегинде чечебиз. Зарыл болсо сотко да кайрылабыз, – деди ал.
Буга чейинки жылдары да Каракалпакстан менен Хорезм облусунун бийлик өкүлдөрү дыйкандарга жыйналган күрүчтүн түшүмүн алып кетүүгө уруксат бербей келген. 2015-жылы Каракалпакстандын Беруний районунда милиция кызматкерлери күрүч жүктөлгөн 60 жүк унаасын өткөрбөй, аларды атайын токтоочу жерге жеткирген.
Булак: NazarNews.kg