www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Тажикстан Хожент-Ташкент-Хожент автобус каттамын калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу каттамдарды аткара турган Asian Express компаниясы Facebook түйүнүндөгү баракчасы аркылуу кабарлады. Алгачкы каттам Тажикстандан Өзбекстанга бүгүн, 18-октябрда, жөнөп кетет. Азырынча бул багыт боюнча автобус күнүнө бир гана жолудан жүрүп турат.

Компания өкүлүнүн айтымында, жакында эки өлкө ортосунда күн сайын аткарыла турган дагы 2-3 каттам ишке киргизилет деп күтүлүүдө. Маалыматка караганда, жарандар Өзбекстандын чек арасынан өтүп жатканда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн ырастаган сертификатты же экспресс-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы автобус каттамдары 2020-жылы март айында пандемия башталганда токтогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости