www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 18-октябрда, Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында Орхан Инандынын жарандыгына байланышкан маселени көтөрдү. Ал Тышкы иштер министрлигинен Инандынын укугуна байланыштуу абалды талдоону талап кылды. "Инанды Кыргызстандын атуулдугун алганына 10 жыл болгон. Азыр биз Түркия менен кызматташтыктын күн тартибин карасак, жалаң эле концерт же көргөзмөлөрдөн башка эч нерсе жок. Эмнеге Инандынын жарандыгы, укугуна байланыштуу маселени Тышкы иштер министрлиги көтөрбөй жатат? Мындай жол менен эки өлкөнүн өз ара мамилесине упай топтоону көздөп жатсаңар, бул туура эмес жана мыйзамсыз", - деди эл өкүлү.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев депутаттын бул суроосуна кат түрүндө жооп беришээрин айтты.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды быйыл 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып келгенин айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колу Бишкектен уурдоо учурунда сынган, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарган" деп айыптаганын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козголгон. Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кылаарын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости