www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис  ашыкча тамак жегендерге кеңеш берди

Тамакты ар дайым ашыкча жегенде иммундук система жабыркайт. Бул туурасында Sputnik радиосу диетолог дарыгер Наталья Кругловага таянып билдирет.  "Ашыкча тамак ичкендик тамак сиңирүү системасына күч келтирет. Ферменттер ашказанга түшкөн азыктарды тиешелүү түрдө сиңире албагандыктан, бул аш кылуунун бузулушуна алып келет", – деп түшүндүрдү ал.

Дарыгердин айтымына караганда, адамдын өзүнүн чама-чаркына карабай, көп тамактанып алышы иммундук системаны бузат. "Азыктар нормадан көп болуп, сиңбей калганда аш кылуучу системада бүкүлү бойдон тура берип, акырындап чирүү процессине өтөт. Бул ичегилердин микробиотторунун ишин бузат, пайдалуу бактерияларды, алардын ар түрдүүлүгүн азайтат. Андан улам ичеги микробиоттору организмдин иммундук системасына өзүнүн таасирин тийгизет", – дейт Круглова.

Тамакты ченебей көп ичүү семиздикке алып келгендиктен, бул дагы иммунитетке өз зыянын келтирет. "Адамды май басканда иммунитеттин жообу, тагыраагы, кандайдыр бир оорудан коргоо, инфекциялар менен күрөшүү жөндөмдүүлүгү азаят. Системалуу түрдө кабылдап кеткен реакция деген түшүнүк бар. Ал семирген кишилерге, экинчи типтеги кант диабетинен жабыркагандарга тиешелүү", – дейт адис.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости