www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда 60 жаштагы жаранды милиция кызматкерлери "сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутканын" Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлайт. Улуттук борборго Ооган согушунун катышуучусу, экинчи топтогу майып, 60 жаштагы жаран 11-октябрда кайрылган. Аны милиция кызматкерлери 85 жаштагы айылдашынын өлүмүнө шектүү катары суракка чакырган.

“Алар мени сабай баштаганда: “Эмнеге уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын, токтоткула”, - деп сурандым. Бирок алар токтогон жок. Менден кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып, боор тушка, бутка жана башка чабышты. Бирөө таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркутту. Шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, токтотууну сурандым ", - деп Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор пенсионердин катынан үзүндү келтирген.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгү жабырлангандан арыз түшөөр замат Ош облусунун прокуратурасына кайрылган. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2020-жылкы баяндамасында кыйноого кабылган адамдардын 83% милиция кызматкерлеринин катаал мамилесине туш болгону жазылган. 2020-жылы 143 арыз түшкөн, алардын көпчүлүгү милицияга түшкөндө ар кандай кыйноого дуушар болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости