www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, Бириккен Улуттар Уюмундагы бир катар чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту.
Дүйнөдөгү татаал геосаясий кырдаалды, эл аралык жана чөлкөмдүк коопсуздукка болгон чакырыктарды, терроризм жана экстремизмге каршы күрөштү, климаттын өзгөрүшүн, өзөктүк куралды жайылтпоону, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууну камтыган эл аралык күн тартибиндеги көйгөйлүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы өлкөнүн БУУнун Уставынын принциптерин, эл аралык укуктун ченемдерин жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну кармануусуна токтолду. Ал глобалдык туруксуздук шарттарында мамлекеттер арасындагы диалог, тилектештик жана конструктивдүү өз ара аракеттенүү өзгөчө мааниге ээ болоорун баса белгиледи.
Президент Кыргызстандын мындан ары да эл аралык коопсуздукту чыңдоого, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы демилгелерди колдоого, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана чакан мамлекеттердин кызыкчылыктарын чагылдырган күн тартибин алдыга жылдырууга салым кошууга даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү узак мөөнөттүү туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуунун негизги фактору экенин айтты.
Өз кезегинде БУУдагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү ийгиликтерин, Кыргызстандын эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүдөгү, чөлкөмдөгү талаш-тартыштарды жана чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы, аймактык диалогду өнүктүрүүдөгү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелерди илгерилетүүдөгү активдүү жана ырааттуу ролуна токтолушту.
Кыргызстандын чакан жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын ырааттуу коргогон, ошондой эле инклюзивдүү жана тең салмактуу эл аралык тартипти жактаган мамлекет катары ролу өзгөчө белгиленди.
Тараптар тоолуу аймактарды коргоо жана туруктуу өнүктүрүү, соода-экономикалык чөйрөдө көп жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды жана туризмди тартуу, маданий жана билим берүү жааттарында алмашуу маселелери боюнча кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү: Андоррадан – Жоан Форнер Ровира, Чаддан – Абакар Муктар, Габондон – Гислен Ондиас Окума, Гватемаладан – Хосе Альберто Брис Гутьеррес, Гвинея-Бисаудан – Самба Сане, Гайанадан – Кэролайн Родригес-Биркетт, Намибиядан – Пендапала Андреас Наанда, Сент-Китс жана Невистен – Мутрайс Агата Уильямс, ошондой эле Түштүк Судандан – Сесилия Адут Манйок Аденг катышты.