www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын кызматташтыгы түзүлгөндөн бери JICA агенттигинин жардамы менен ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сүйлөшүлүп, анын алкагында өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошкон бир катар узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылганы айтылды.  

Ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташуунун жаркын мисалы катары – “Бир айыл – бир продукт” долбоору, Япония Өкмөтүнүн стипендия программасы (JDS) белгиленди.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Япониянын ортосунда транспорт, саламаттыкты сактоо, энергетика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тармагында гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү бюнча кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.  

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин жардамы менен жалпы 43 долбоор ишке ашырылган. Быйыл JICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстанда ачылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленет.

Последние новости