www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен айрым учурларда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документи каралган.

Мыйзамда “айыл чарба даярдоочу” деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.

Соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес болбой турган мөөнөт – 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырылат.

Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости