www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарынын мэри кызматынан кеткенден кийин бир канча убакыт эл арасында ысымы айтылбай калган Жахонгир Артыкхожаев бул күндөрү кайрадан коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Буга анын бардык ири бизнес активдерин сатканы тууралуу билдирүүсү себеп болду.

Артыкхожаев 1-февралда Термез шаарында өткөн бизнес-марафондо жаштарга ишкерлик тажрыйбасы жөнүндө айтып берип жатып, бизнес-империясындагы жети компаниясын сатып жибергенин айткан.

"Мен Crafers'ти сатып жибердим, азык-түлүк өндүрүү тармагында ийгиликке жетише алган жокмун. Бардык Mediapark дүкөндөрүн, бир Ecobozor'ду, Akfa Lighting’ди, Magic City'ни саттым. Дагы эмнени саттык? Basalt'ты немистерге, Knauf'ка саттык. Мен ар беш жыл сайын кайраттанып, тазаланып алууга аракет кылам, мүнөзүм ошондой. Эгер мага кайсы бир тармак кызыктуу эмес болсо аны сатып, жаңысын ачам. Компанияларымдын жакшыларын тандап, аларды өнүктүрүүнү улантам. Калганын сатып жиберем", – деди ал.

Коомчулук баарынан да Улуттук парктын аймагына курулган Magic City көңүл ачуу жайынын сатылышына байланыштуу нааразылык билдирүүдө. Ага Жахонгир Артыкхожаевдин Akfa түзүмүнүн курмына кирген Stargate Systems компаниясы инвестор болуп, 20,79 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Ташкенттин символдорунун бири деп эсептелген жердеги тилкени арзан баага сатып алган ишкер аны өнүктүрүүгө инвестиция салуу жана "заманбап, жогорку технологиялуу" парк түзүү милдеттенмесин да алган.

"Мунун эмнеси жакшы? Башкысы борбор шаардын ортосундагы жер менен имаратты менчиктештирип алса болду. Андан соң отуруп алып эле акча таба берсе болот. Факты жүзүндө бул жерде акча менен кошо жоопкерчилик да сатылууда. Ал өзүн милдеттенмелерден бошотуп, өзүн актап жатат. Анткени жердин жаңы ээсине эч ким доомат артпайт. Кезек "Пахтакор" стадиону менен "Шарк" комплексине да келди. Андан кийин Эгемендик аянты жөнүндө да ойлоно баштоого болот", – деп жазды журналист Аброр Зохидов.

"Эгер кайсы бир демократиялык өлкөдөгү шаардын мэри кызматта турган кезинде паркты кыйып, анын ордуна Диснейленд куруп, андан акча таба турган болсо чоң саясий жаңжал чыкмак, көптөгөн кишинин башы кетмек. Бирок Өзбекстан башка критерийлер менен жашайт", – деп жазды "Би-Би-Синин" өзбек кызматынын журналисти Ибрат Сафо өзүнүн Facebook баракчасына.

Рахматжон Ахмедович аттуу социалдык түйүн колдонуучусу эгер Артыкхожаев мэрлик кызматтан алынбаса, анда "Ташкентти толугу менен сатып жибермек" деп эсептейт.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Magic City бөтөн адамга сатылган эмес – көңүл ачуучу жайдын жаңы ээси Жахонгир Артыкхожаевдин күйөө баласы Алишер Абдувахитов болгон. Ал президенттин мурдагы кеңешчиси Абдужабар Абдувахитовдун уулу.

Өзбекстандын эң бай адамдарынын бири экени айтылып келген 48 жаштагы Жахонгир Артыкхожаев Ташкент шаардык акимчилигин 2018-жылдын декабрынан 2023-жылдын январына чейин жетектеген. Президент аны былтыр 16-январда баш калаадагы энергетикалык каатчылыктын фонунда кызматтан алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости