www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

Инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости