www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Атамбаевдин: "мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз?

- Атамбаевдин минтип айтканы - курулай эрдемсенгени гана катары түшүнсө болот. Ал, азыркы бийликке ультиматум койгонго моралдык укугу да, реалдуу мүмкүнчүлүгү да жок. Себеби, кимдир бирөөгө ультиматум койуу үчүн, бир нерсеге же факторго таянып туруп шарт койуу керек. Ал фактор кандай болушу мүмкүн? Биринчи, ири мамкызматтарда, айрыкча күч органдарында, армияда аны колдогон үлкөн чиндер, чиновниктер болуу керек. Андан сырткары, парламентте да олуттуу сандагы депутаттар колдоп туруусу керек.

Андан ары, кошуна өлкөлөрдүн же Бажы биримдигинин лидерлери колдоп турса бир жөн. Ал эми баарынан маанилүүсү - эл колдоп турса, анда Атамбаев бийликке ультиматум койсо болмок. Ал эми азыркы кырдаал кандай? Атамбаев азыр кадимки кылмышкер. Анын күнөөлөрү далилденип, ал эми Кой-Таш окуяларында болсо, далилдөөнү талап кылбаган, андан ачык күнөө-кылмыш жасады. Ал, атайын даярдыктагы күч кызматынын командирин атып өлтүрдү. Атамбаев дайындаган кадрларды болсо четинен камалып, өздөрүнүн тагдыры менен алек.

Күч органдарынын жетекчилери алмашып, ал эми парламенттеги кечээ эле Атамбаевдин этегине намаз окуган кошоматчы депутаттары эбак башка түскө боенуп кетишкен. Кошуна өлкөлөрдүн дээрлик баарысы менен араздашып, расмий да, жеке да мамилелерин толук талкалаган. Ал эми элдин ичинде аброю ушунчалык төмөн экен, соттолуп жаткан күнү, түзүгүрөөк 50 адам да келип колдогон жок. Жөн эле опузага алып жаткан Атамбаевден, азыр бийлик эмес, керек болсо өзү дайындаган айыл өкмөтү да коркпой калган, - деп билдирген медиа-эксперт Ш.Маматокторов "Майдан.kg" гезитине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости