www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр парламентте “чалагайым”, каракчылар, уурулар, контрабандисттер, ишкерлер топтолуп алгандыгын баарыбыз көрүп дагы, угуп дагы бүттүк. Айтып, какшап атып тажадык. Бир маданияттуу, элдин камын ойлогон жан жок. Албетте, бир-экөө болсо керек. Бирок “один на поле не воин” деп коёт эмеспи океңдер. Ошондой эле болуп калды.

Парламенттин ОПГга айлангандыгына ким күнөөлүү билесиңерби? Азыркы Конституциянын “атасы” атыккан, коррупцияга айыпталып жүргөн Текебаев күнөөлүү. И-и-и, дал ошол адам. Кайдагы бир парламенттик башкаруу деген балакетти ойлоп таап, Жогорку Кеңешке шайлоо партиялык тизме менен өтө баштады. Ал эмне болду? Партия жетекчилери ким көп акча берсе ошону алдыңкы тизмеге коюп, ал парламенттен тыпыйып орун алды. Акча кимде бар? Акча жогоруда санап өткөн “чалагайым”, каракчылар, уурулар, контрабандисттер, ишкерлерде бар. Туурабы?

Ошентип, партия жана анын лидеринин кадыр-баркы менен бирге даражасы, “ставкасы” жогорулады. Ал эми Текебаевге эмне керек эле? Дал ушул керек болчу. Себеби, өзү дагы партия лидери эмеспи.

Эсиңердеби, билбейбиз. Бирок, убагында “5-каналдын” “Бешинчиде бешөө” көрсөтүүсүндө тарыхчы, коомдук ишмер Кыяз Молдокасымов эмне дегенин эске салалы деп турабыз. Анда Молдокасымов “Азаттыкта” иштеп жүргөнүндө Текебаевден “эмнеге эле партияга жармашып калдыңыз? Партиянын сизге эмне кереги бар?” –деген суроосуна, “Конституциянын атасы” Өмүке “партия келечекте чоң бизнеске айланат, мен партия аркылуу чоң бизнес жасайм” – деп жооп бергендиги бар. Андыктан, азыркы маалдагы таманыбыздын майын соруп отурган жагдайыбыз үчүн “легендарлуу” Өмүрбек Текебаевге ыраазычылык билдирсеңер болот.

Ошентип, өзү дагы партиясынын артынан бизнес жасап, башка партлидерлерге дагы кудайдан жөө качкандарды акчанын күчү менен тизмеге кошуп алганга мүмкүнчүлүк түзүп берип, эми ал элдин башына тийген ташка айланып отурат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости