www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды. Жолугушуу кечээ, 13-мартта уюштурулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров да катышты. Мамлекет башчысы Абдулазиз Закировду Кыргызстандын муфтийи кызматына шайланышы менен куттуктады.
Талкуунун жүрүшүндө КМДБнын учурдагы ишмердүүлүгүнүн ар кыл маселелери, ошондой эле өлкөнүн алдында пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү темалары көтөрүлдү.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы — светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90 пайызга жакынын мусулмандар түзөт деп баса белгиледи. Ал башка диндерге карата Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырарын, бул баалуулуктарды жайылтууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң экенин айтып өттү.
Мамлекет башчысы Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин жарлыгын түшүндүрүү боюнча ишине канааттануусун билдирди.
Жарандар бара-бара кымбат баалуу мүрзө таштарын жана шаан-шөкөттүү майрамдарды кредитке коюудан баш тартып жатканы белгиленип, Президент ысырапкорчулук көрүнүштөрүн азайтуу үчүн бул ишти улантууга чакырды.
Муфтий Абдулазиз Закиров өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровду Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле ал мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республиканын бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кадрлар резервин түзүү пландары тууралуу билдирди.
Булак: NazarNews.kg