www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабияга иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду кечээ Жидда шаарындагы эл аралык аэропорттон Меккенин губернатору Халид бин Фейсал Аль Сауд тосуп алды.
Губернатордун тосуп алганы боюнча ар түрдүү талкуу жүрүп жатат. Негизи өлкө башчысын тосуп алуу жөрөлгөсү кадыр-барк, сыйды айгинелейт. Башкача айтканда, бир өлкөнүн башчысы башка өлкөгө иш сапары менен барганда, кандай даражадагы, кандай рангдагы мамлекеттик кызматкер тосуп алганына чоң маани берилет. Себеп дегенде, ошол тосуп алуунун барк-баасы аркылуу келген коноктун кадыры канчалык экени билинет. Мына ушул ракурстан караганда президент Садыр Жапаровду губернатордун тосуп алышы көп нерседен кабар берет.
Мына айталы өткөндө Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга келгенде, аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алган.
Президент Жапаров Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Сапардын алкагында ал мамлекет башчылардын "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аттуу биринчи саммитине катышат.
Ошондой эле, Жапаров 18-20-июлдагы иш сапарынын алкагында булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен дагы жолугушат.
Президенттер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Булак: NazarNews.kg