www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаровду Токиодо тосуп алышты

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Японияга келип, анын учагы "Ханеда" эл аралык аэропортуна конду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилген.

Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсужи жана башка расмий адамдар тоскону айтылды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчы Япониянын императору Нарухито, премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолукмакчы. Андан сырткары ишкерлер менен өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрөрү маалымдалган. Тактап айтканда, ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен да жолугат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости