www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махачкала аэропортундагы антисемиттик митинг учурунда жапырт башаламандыкка катышкандарды камакка алуу тууралуу райондук соттун өкүмүн өзгөртүү өтүнүчү менен Дагестандын Жогорку сотуна 16 арыз түштү.
Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы соттун сайтындагы маалыматка шилтеме кылып кабарлады. Кийинчерээк соттун басма сөз кызматы айыпталуучулардын камакка алынганы боюнча 17 даттануу болгонун билдирди.

Соттон камакка алынгандардын аэропорттогу окуяларга байланышы бар экенин ырасташты, бирок алардын аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.

Учурда Дагестандын Жогорку соту тогуз арызды карап чыгып, "башаламандык" иши боюнча бардык айыпталуучуларды тергөө абагына камоо чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Махачкала аэропортундагы антисемиттик башаламандыктын катышуучуларына карата "майда" административдик беренелер боюнча бери дегенде эле 336 протокол түзүлгөнү айтылган. Алардын көбү "митингдерди өткөрүү эрежелерин бузууга" байланыштуу болгон. Зомбулук менен коштолгон жапырт башаламандыктардын катышуучуларына карата Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча кылмыш иштери козголгону кабарланган эмес.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму орус бийлигинин Дагестандагы антисемиттик башаламандыктарга карата реакциясын адекваттуу эмес деп атаган. Алардын айтымында, бул реакция тынч өткөн саясий акциялардын катышуучуларына жасалган куугунтуктоолордон кыйла айырмаланат. "Бийлик сындагандарды куугунтуктагандын ордуна ксенофобдук кол салуулардын алдын алууга аракет кылышы керек", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

29-октябрда Тель-Авивден келген жүргүнчүлөрдүн арасынан жөөттөрдү табууга аракет кылган жүздөгөн киши Махачкала аэропортун басып алышкан. Алар Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттеринен улам Дагестандан бардык жөөттөрдү кууп чыгууну талап кылышкан. Чогулган адамдар учуу тилкесине кирип баргандан кийин Росгвардиянын аскерлери тартылып, ортодогу кагылышууда 20га жакын киши жаракат алган.

Расмий маалыматтарга ылайык, антисемиттик башаламандыктардан улам аэропортко жүз миллиондогон рубль зыян келтирилген.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү, анын ичинде президент Владимир Путин аэропорттогу башаламандыктар Украинадан уюштурулганын билдирген. Украин бийлиги бул айыптоону четке каккан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости