www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин акыркы парламенти, бул парламент Жээнбеков, Жапаров менен да иштешти. Айрыкча Жээнбеков тарап ЖКнын 120 депутатын туу тутуп колдоп жүрдү. Себеби алар бийликке чөгөлөп «ляппай» деп эмне жаса десе, ошону жасап калышкан. Бийлик колдойт деп 120 депутат бюджетти кайсап, кыйкырымыш болуп жүрүштү.
1993-жылдагы Башмыйзам боюнча 35 депутат туруктуу, 70 эл өкүлдөрү болгон.100 миң сом айлык наамдары менен кошо эсептегенде, бензинине, ал эмес салат кылып алсын деп миллиондогон акча бөлүнөт. «Май кармаган бармагын жалайт» деп депутаттар акча бөлүштұргөндө өздөрүнө миллиардай акчаны бөлүп алышкан. Жөлөкпул арзыбаган акча болуп турган кезде, акчаны экономдош үчүн депутаттардын санын азайтсак, ооздорун ачып добуш бергенге да жарабаган көп депутаттардан кутулмакпыс. Чынын айтсак иштеген 20-30 депутат бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg