www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин учурунда УКМК төрагасы Сегизбаев, Кыргызстандагы бардык контрабандага “крышевать” этишкен. Лейлек району аркылуу Тажикстанга контрабандалык жол менен ташылган бензин жана башка күйүүчү майлар да Сегизбаевлдин көз алдында өткөн. Кыргызстан Бажы Союзунда болгондуктан биз Орусия, Казакстандан арзандатылган мунайзат алабыз. Сегизбаевдин контрабандисттери Кыргызстанда мунайзат толуп жаткансып, кымбаттатып Тажикстанга сатышчу.

Сегизбаев маек берип “Контрабанданын башында “Шопур” турган” деп күнөөнүн баарын Илмияновго оодарганы жатпайбы, Илмиянов деген ким? Анын да Лейлектеги контрабандага жоопкерчилиги бар. Сегизбаев килейген УКМКнын төрагасы болгон.  Эгер “Шопур” контрабанда кылып жатканын билсе эмнеге аны камап салбайт? Буга да жоопкерчилик бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости