www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттер деле эс алышабы?

Президенттер каякта эс алат? Январда президентти алган биздин президенттин эс алуу мөөнөтү келе элек. Ал төрт саат гана уктап калганын мамлекеттик жумуштарга жумшайт деген кеп бар. Президенттер өздөрүнүн мамлекетин даңазалаш үчүн өз мамлекетинде эс алышат. Бизде айтылуу Борбор Азияда эң кереметтүү Ысык-Көл бар. Аны жээриген экс-президент Атамбаев Индияга,Түркияга барып эс алып келчү. Жапаровдун эс алуу мөөнөтү келсе Ысык-Көлдө эс алат болуш керек. Ал кызматташкан Түркмөнстан президенти чалчык болсо да Каспийде эс алып жүрөт. Биз менен чыр-чатакка барып жүргөн Рахмон Эмомали Ысык-Көлү жок болсо да Тажикстанда эс алат. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзияев болсо Өзбекстанда кыргыздын суусу менен курулган эс алуу жайларында эс алат. Элдин бары биздин кабинет башчысы Улукбек Марипов эмес да, ал кыргыздын сауналарында эс алып жүрөт дегент каңшаар таш жарат. Мамлекеттик адамдар кайсы жерде эс алышты билиш керек. Анткени, алардын артынан канчалык жашырбасын маалыматтар жүрөт. Маалыматтардын бири мактап жазса, бири жамандап жазат Ал эми Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Чыгыш Казакстан облусунда эс алууда. Бул тууралуу Tengrinewsге мамлекет башчынын басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. «Мамлекет башчысы 13-19-июль аралыгында төрт күндүк кыска мөөнөттүү эс алууда. Касым-Жомарт Кемелевич өргүүсүн өлкөнүн эң кооз жерлеринин биринде - Чыгыш Казакстан облусундагы Бухтарма суу сактагычында өткөрүп жатат », - деди басма сөз катчысы.

Совет мамлекети учурунда башка улуттун өкүлдөрүн Өзбек ССРинде өзбектештирип паспортторуна жазып салганы белгилүү. Башка улуттун өкүлү болсо кызмат даражасынан да өскөн эмес, мектептер, жогорку окуу жайлары бүт өзбек тилинде болгон. Мындай нерседен кыргыз эли да кур калышкан эмес, көптөгөн кыргыздар паспортторуна «өзбек» деп жазышып, өзбектешип кетишкен. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын Хожент облусундагы Девашти районундагы Яхтан кыштагында туулган. Анын улуту тажик дешет, мунун аныгы болушу мүмкүн, анткени, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чоң аталары ошол жерде жашап, атасы Мироман Мирзиёев ошол жерде туулуп, кийин Өзбекстанга көчүп келишкен. Кыргыздарга салыштырмалуу тажиктер өзбек элине түспөлдөш келишет. «Токсон боолуу өзбектен» айырмаланып тажиктер парсы тилинде сүйлөп калган, Өзбек хан 1380-жылы кирип келип түрк тилин үйрөткөндөр өзбек. Кыргыз элин байыркы эл деп келе жатабыз. Арийне, эки суунун ортосу Мавеннахрда да байыртан эл жашап келатат. Чыңгызхандан кылычына Самаркан, Бухара, Нукус сыяктуу көптөгөн шаарлар дуушар болгон. Бул жакта Искандер Зулпукарнайн сыяктуулар басып кирип гректерин таштап кеткен. Арабдар халифат уюштурганда Кытай менен Таласта тирешип, экөө эки жакка качып жок болушкан. Бирок, Мавеннахрда арабдар кала берген. Ушул курама элдер миңдеген жылдар Орто Азиянын чордонунда жашап келген. Качан Дешти-Кыпчактан Өзбек хан басып кирип бул мейкиндикти өз карамагына алгыча. Өзбек хандын тукуму Бабур айткан “Биздин ак калпагыбыз азыркы элге жакпайт, биздин бийлигибиз жакпайт” -деп Индияга өтүп кетип өзүнчө мамлекет курган. Учурда Бабурду өзбек калкы ыйык тутат, а биз кыргыздар Сулайман тоосун ардактаган анын таятасы Жунуска да. Бабурга да көп маани бербейбиз.

Борбор Азияда Чыңгызхандан кийин анын тукумдары гана хан боло турган. Бирок кыргыздар бул адатты бузушат, ак кийизге салып Тагай бийди хан көтөрүшкөн. Тагай бийден көп тукум калган, анын улуусу Сарбагыш, мойну кылжыйып калгандыктан Кылжыр атка конгон. Сарыбагыштан Орозбакты, Дөөлөсбакты. Экөөнүн тең балдары мыкты чыккан, бирок сарыбагыш атка Дөөлөсбактынын тукуму конуп, Орозбактынын тукуму бугу атка конуп калат.. Орозбактыдан Алсейит, Тынымсейит. Тынымсейит Нарын тарапта өзүнчө чоң эл. Алсейиттин бир топ балдарынын ичинде Мырзакул мырза андан Жаманкул. Жамангул баатырдын уулу Белек аркалык кыргыз элине хан көтөрүлгөнү тарыхта белгилүү. Белектин уулу Алдаш да санжыраларда бий болгону айтылып келет. Алдаштын уулу Бирназар да өз элинде бий болгонун өз кезегинде орус басма беттеринде жазылып калган. Тарыхый булактарга көз салып көрсөк, Садыр Жапаровдун чоң бабаларынын эң атактуусу, бугулардын манапы Бирназар бий. Жапаровдун бабасы Бирназар бий, көп балалуу, өтө кадыр барктуу адам болгон. Өз балдарынан тышкары, анын асырап алган балдары да көп болгон. Бирназар айтылуу чечен Тилекмат Акенин атасы адигине Жылкыайдарды да багып алып, аны жакшы тарбиялап өстүргөн.

Бирназар бий Көлдөгү эң атактуу инсандардын бири катары каза болгондо туугандары 2-3 айлап жол жүрүп, сөөгүн айтылуу Арсланбапка коюлганы айтылат.Мурун эл мыктыларын Арсланбапка алып коюу салт болуп калган. Маматкулодун уулу Болот да акыркылардын ошол жакка коюлган. Ошентип Садыр Жапаровдун жотосу Бирназардын сөөгү Түштүккө коюлган. Ал өзү да калмак жапырыгы кезинде Түштүктө жашап, кийин күчтөнүп келип Ысык-Көл өрөөнүн калмактардан бошотууга жетекчилик кылганын ага жолуккан орус саякатчылар жазып калтырган.

Мына ушул сөөк коюудагы жол азабынан кийин сарбагыштын эл башчысы Эсенкул баатыр журт башчыларын өз жерине коюлушун колдогон. Анын атасы Маматкулдун уулу Болот да акыркылардын ошол жакка коюлган. Анын этин шылып салышып, сөөгүн алып барып койгон Эсенкул баатыр: "Менин сөөгүмү Кочкорго койгула, менден кийинкилердин бардыгы өз жерине коюлсун" деген. Ошондон кийин журт башчыларынын, белгилүү инсандардын сөөктөрү өз жерлерине коюлуп калган.

Бирназардын уулу Алыбай да бий болуп, азыр анын урпактары Көлдө Алыбайлар деп аталат. Алыбайдын уулу Солтонкул өз кезинде Бугунун эң бай, нарктуу адамы болуп, санжыраларда миң жылкылуу Солтонкул аталып келет. Анын жылкылары Түп суусунан бир мезгилде ичкенде агып жаткан суу акпай соолуп калаары санжыраларда аңыз катары айтылып келет.

Солтонкул Алыбай уулу тууралуу да документтер да бар. Бул документте Ысык-Көлдөгү Бугу, Саяк урууларына болуштук башкаруу киргизилип, анын алгачкы болуштары, айыл старчындары дайындалган. Алардын арасында Солтонкул уулу Алыбай 1865-жылы Бирназар уругунун алгачкы болушу болгон. Солтонкулдун Сарыбайы тууралуу да уламыштар көп.

Бабасы Жапар 1916-жылы Үркүндө Кытай жергесине качып барган жана 1917-жылы каза болгону айтылат. Садыр Жапаровдун чоң атасы Мусталый да (1900-1988-жылдары жашаган) Үркүндүн оор азабын өз башынан өткөргөн. Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу анын атасы Мусталый уулу Нургожо ажы "Кыргыздын сыры санжыра" аттуу эмгегинде кеңири жазган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости