www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык конференциянын жыйынында 10-январга белгиленген президенттик шайлоону жылдыруу сунушу айтылды. Мындай сунушту Мар Байжиев киргизди.
Анын айтымында, кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу изилдеп, өркүндөтүшү керек. Ал мүмкүн болгон кагылышуулардан жана чыр-чатактардан алыс болуу үчүн президенттик шайлоону жаңы Конституция кабыл алынганга чейин токтотууну сунуштады.
“Азыр шашылбашыбыз керек. Биринчиден, Конституцияны кабыл алабыз, андан кийин жаңы Конституция боюнча шайлоону өткөрөбүз, антпесе башаламандык болот”, – деди Байжиев.
Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду.
Булак: NazarNews.kg