www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Түштүк Кореядан жардам сурадыбы?

Кечээ, 25-ноябрда Сеул шаарында “Борбордук Азия – Корея Реуспубликасы” кызматташуусунун 13-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форумду Кореянын Тышкы иштер министрлиги уюштурду.

Форумга Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн жана Кореянын өкүлдөрү катышты. Алар COVID-19 жана билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында туруктуу кызматташууну талкуулашты.

Билим берүү министрлиги Форумга видеоконференция форматында катышты. Министрлик форумдун катышуучулары менен COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасы дистанциондук режимде билим берүүдөгү уникалдуу тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүштү.

КР Билим берүү министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев “Дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн окутуу” темасында доклад жасады.

Докладда Кыргызстан 2020-жылы абитуриенттерди ЖОЖдорго толугу менен онлайн кабыл алууну уюштурганы айтылды. Муну менен Кыргызстан региондогу өлкөлөрдөн өзгөчөлөндү. Ошондой эле, аралыктан билим берүү процессинде жаралган суроолорго министрликтин ыкчам аракеттерди жасаганы белгиленди. Пандемия учурундагы жаңы окуу шарттарына кабылган окуучулар, ата-энелер жана мугалимдерге квалификациялуу адистер тарабынан 24 саат бою психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости