www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сардаба суу сактагычындагы кырсыкта кадастрдык документтерин жоготуп жиберген үй ээлери эмдигичекти турак жайга ээ болуша элек.

Өзбекстанда абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенден бери Сардаба районунда үй-жайсыз калган жүздөгөн тургундар бир топ көйгөйлөргө туш болушту.

Одина Расулова үч баласы менен көчөдө калганын билдирди:

"Жергиликтүү бийлик тракторлор паркынан убактылуу баш калкалоочу жай берген. Балдарым менен бетон полдо жатууга арзасыз болдук. Ушу күнгө чейин барына чыдадык. Бирок катуу суук түшкөндөн бери чыдамыбыз түгөндү, курулай убадалардан тажадык,"- деди Расулова.

Быйыл 1-майда Сырдарыя облусунун Сардаба суу сактагычында дамба жарылгандан кийин үй-жайсыз калган тургундарды жергиликтүү бийлик мектеп жана бала бакчалардын имараттарына жайгаштырган.

Жергиликтүү тургундар имараттар жылытуу системасына кошулбаганын, кадастрдык документтерин жоготуп жиберишкендиктен, үй ала албай жатышканын билдиришүүдө.

"Биздин үйүбүздү суу алып кеткенден кийин анын ордуна беш кабаттуу турак жай салышты. Башында президент сардабалыктардын баарын үй менен камсыздоого убада берген. Эми алар сөзүнөн кайтышууда. Бизден кадастрдык документтерди талап кылышууда. Кыштакта көбүнүн эле документи жок,"– деди Достук айлынын жашоочусу Ойсара Исраилова.

Сардаба администрациясынын атын атагысы келбеген кызматкери чындап эле үй-жайсыз калган тургундардын нааразылыгы көбөйгөнүн тастыктады:

–Жабыр тарткан ар бир үй-бүлө турак жайга ээ болот. Бирок маале комитети алардын чындап эле кырсык болгон аймакта жашаганын тастыкташы керек. Бул маселе толугу менен чечилгенге чейин жабыр таркандар мектеп жана бала бакчалардын имараттарында жашашат

Эске салсак, Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган. Сардаба райондук администрациясынын өкүлү 7 миңден ашуун киши үй-жайсыз калганын, бирок ноябрга карата алардын 90% жаңы турак жай менен камсыз болгону маалым болгон. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Сырдарыя облусунун жергиликтүү бюджетине 10 млн долларга чукул акча которулган.

Өзбекстан президентинин жарлыгына ылайык, Сардаба, Акалтын, Мирзаабад райондорунда көп кабаттуу 50 турак жай курулуп, үй жайсыз калгандарга берилиши керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости