www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков качып жүрөт, Абдил Сегизбаев унитазынан өйдө чыгарып качууга камынып жатат. Орто-Сай  айылында VIP –шаарчасындагы жайгашкан хансарайлардын «хандары» УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурунку төрагасы  орун басары изделип жаткан Болот Сүйүнбаев жана «Мантай» атка конгон суу куйду экени белгилүү. Алар биригип алышып 1 гектардан ашык жерге хансарай курушканы менен декларациясына катташкан эмес. Демек эч кандай салык төлөшпөгөн.  Андан тышкары декларациясына жазылбаган Сегизбаевдин брондолгон 130 000 долларлык же 8 970 000 сомдук "Лексус-570" маркасындагы брондолгон автомобилге кайсы айлыгын короткон?


2018-жылы 10- апрелде ал кезде мыйзам боюнча Кыргызстанды башкарып турам деп сезген өкмөт башчысы Сапар Исаков Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду өзү да камаларын билбей  башын баталгага койот. Ал эми 16-апрелде  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы эле УКМКдан бошотулган Атамбаевдин экс-жансакчысы, Абдил Сегизбаевдин экс орун басары  Болот Сүйүмбаевди коюп, Сооронбай Жээнбековго муштумун түйүп көрсөтөт. Апрелде боло турган мамлекет башчыларынын жолугушуусуна мамлекет башчысы катары президент эмес, мыйзам боюнча мамлекет башчысы эсептелген өкмөт башчысы Сапар Исаков барат дегендей сөздөрдү таратат.

20-апрелде Болсунбек Казаковдун башын баталгага койгон Сапар Исаков бумеранг болуп өзүнүн үстүнөн кылмыш иликтелип убактылуу камоого алынат.

“Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 хансарай кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткени белгилүү. Бул иштин башында БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов жана  ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тураарын эл сезип калган. Сапар Исаков өзү билип, өзү аралашкан ишке күнөөлүү катары Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду камап салганы, өзүнүн күнөөсүн бирөөнө оодаргандай эле болуп калды. “Идеал-Хаус” турак жай комплекси 142 миллион сомго арзан кеткени тууралуу маалыматты териштирүүнү Сапар Исаков Башкы прокуратурага тапшырган. Натыйжада тескерисинче күнөөлүү болуп журналист Э. Алкановага каршы кылмыш иши козголуп калган. Териштирүүлөрдүн натыйжасында журналисттин эч кандай күнөөсү жок экени далилденген.

Кийин ушул иш боюнча Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынган. Ал «Идеал Хаус» VIP шаарчасынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Кылмыш Кыргызстандын аймагында болгондуктан, ал кыргыз мыйзамдарына ылайык соттолушу мүмкүн. Демек, кыңыр иштин учугу чубала баштады. Муну дагы жакшылап чубасак, анда анын артынан Сапар Исаков менен УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин башы кылтыйып калкып чыгып калышы мүмкүн.

Темир Рыскулов Сапар Исаков менен бирге окуган, ошондуктан анын  бир тууганы Капар Исаковду «БТА Банкына» май талкандуу жерге алат. Учурунда Капар Исаков бул жердегилерди сүрүп чыгып май талкандуу жерлерге өз кишилерин коюп, ал эмес аларды көздөгөн адамга 2000 доллар айлыктуу жумуш берген. Сапар Исаков өкмөт башчыдан кетер менен булар куйругун түйүшкөн. Эгер алар чыныгы болсо аягына чейин күрөшпөйт беле?

«Ала-Арча» резиденциясынан анча алыс эмес 48 коттедждүү шаарча 2008-жылы курула баштап, 2010-жылы  улутташтырылган. “Идеал-Хаус” турак жай комплексинин наркы сатылган баадан алда канча  жогору болмок. Атамбаевдин доорунда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди, орун басары  Болот Сүйүмбаевди Токтогул-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ордо» имаратынын 8-кабатындагы ресторанында «Мантай» аттуу мурдагы бажычы кабыл алып сыйлоочу. Тамакты түрлөп жасатып, сулуу кыздарды «чарк» айланта бийлетип, көңүл ачтыруу үчүн миң түркүн оюн-зоок, тамашаларды кылып жүргөнүн Сегизбаев эми кантип танат?

Ушул жерде отурушуп кимдерди камакка алуу, жашыруун операцияларды түзүү, миллиондорду айландыруу пландары жүргөнүн Чокчолой баатырлар чоолуп чыгышты. Байлардын чөйрөсүндө эркелеген бул  эргул кайсы бийлик келбесин, эң негизги таасирдүү адамдарды колго алып, алдыга дастаркон жайып, манталаңдап кызмат кылып, «килемдей төшөлүп» келген. Эмки УКМК «Мантайды» бир манталаңдатса көп маалымат бар, аны суракка чакырса суу жүрөк неме болгонун айтып берип, эмкки УКМКнын алдына «төшөлүп» бермек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости