www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-январда вице-премьер-министр Максат Мамытканов «Жетим-Тоо» боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал Өкмөт өлкөдөгү кен-байлыктарды сыртка чыгарбай, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштетээрин билдирди.

«Кыргызстанда алтын чыккан жерлер толтура. Бирок, кыргыздар ошол кендерди кантип өндүрүп, иштетүү жолдорун ушул күнгө чейин билбей келишет. Өлкөдө алтынды казууга расмий түрдө уруксат берилген.

Ар бир жаран өзүнүн жергиликтүү бийлик органына барып катталып, алтынды жууганга потент алып, картада көрсөтүлгөн жергден алтын өндүрсө болот. Ал эми алтын-кендер боюнча агенттиктин өзүнүн атайын картасы бар. Бул боюнча мыйзам 2007-жылы эле кабыл алынган.

Азыркы учурда коомчулукта бул боюнча маалымат жок көрүнөт. Биз мындан ары элдин өз алдынча өлкөдөгү алтынды өндүрүп, иштетүүгө шарт түзүп беребиз. Ал жол-жоболору тууралуу дагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», - дейт Мамытканов.

Белгилей кетсек, «Жетим-Тоо» темир кени 6 участоктон туруп, узундугу 40 чакырымга созулат. Ал темирдин камтылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» кенинде 2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча 3 млрд 344 тонна темир бар. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости