www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Tesla жана SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болуп калды, анын байлыгы 188 миллиард доллардан ашты. Маск 2017-жылдан бери дүйнөнүн эң бай адамы болуп келе жаткан Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостон ашып түштү. Бул тууралуу Bloomberg сайтында жазды.
Анда Масктын байлыгы болжол менен 188 миллиард долларга бааланганын жазылган.
Маалым болгондой, Илон Маск 2020-жылды 27 миллиард долларлык байлыгы менен баштап, алдыңкы 50 орунга араң кирген. Бирок, бир жылдын ичинде анын байлыгы тогуз эсеге жогорулаган Tesla акцияларынын жогорулоосунун аркасында анын байлыгы эбегейсиз көтөрүлдү. Июль айында Маск Уоррен Баффеттен ашып өтүп, миллиардерлердин рейтингинде жетинчи орунду ээледи. Ал эми ноябрь айында Билл Гейтсттен да ашып өткөн. Tesla акциясынын өсүшү 2021-жылы дагы улантылган: январь айында компания жарым миллион электромобилдерди чыгаруунун жылдык планын аткаргандыгы жөнүндө рапорт берген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg