www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар ачылат

Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада эпидкырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен жандантууну колдогон.

Ал эми бала бакчалар 20-январдан тарта иштей баштайт.

«18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки сменге бөлүнүшөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Ал эми эпидемиологдор кырдаалга көз салышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул арада көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн-сабакка катыша албаган балдарды онлайн-окутуу маселеси каралат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости