www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз кыздарынын арасынан атагы алыска кетип, эмгеги менен даңкталган асылзат айымдарды бүгүн да коомдук турмуштун бардык жагынан табууга болот. Элибизде ар дайым урматталып келген кыргыз айымдары коомдук жана мамлекеттик иштерге гана жигердүү катышпастан, үй-бүлөдө да жароокер жар, мээримдүү эне катары өз милдеттерин так аткарып келишет. Маектешим Жылдыз Секебаева да карьера менен үй-бүлөнү бир алып келе жаткан айым. Милициянын полковниги, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Жылдыз Калыгуловна 1996-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет. Учурда Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын Тилге даярдык кафедрасын жетектейт. Он бештен ашык илимий макалалардын жана окуу китептердин автору Жылдыз айым экөөбүз чай кайнам убакыт баарлашып, аялзат жана карьера туурасында кызыктуу маек курдук.
- Жылдыз Калыгуловна, ички иштер органына кандайча келип калгансыз?
- Бул тармактын астанасын аттаганыма 25 жылдын жүзү болуптур. Биринчи кесибим боюнча филологмун, Россия Федерциясынын Оренбугрдагы педагогикалык иститутун аяктагам. Кийин юридикалык билим алгам. Ички иштер органындагы эмгек жолумду ИИМдин Басма сөз кызматында иштөө менен баштагам. Кийин азыркы иштеп жаткан Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясына которулуп, иштеп калдым. Дарак бир жерден көгөрөт дегендей, мына ушул жерде узак жылдардан бери иштеп, кафедрам экинчи үйүмө айланып, бир туугандай кесиптештерди таптым. Башында тарбиялоо жаатында иш алып барсам, андан кийин кафедрага которулуп, мугалим, улук окутуучу болуп, жетишээрлик тажрыйба топтоп, эми минтип жетекчилик кызматты аркалоодомун. Мына ушул жерден аспирантурага тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым, кандидаттык ишимди жактап, кандидат, доцент болдум. Ушул жерден жолдошумду таптым, үй-бүлө күттүм дегендей. Айтор, ИИМ мен үчүн куттуу жер.
- Кесип тандооңузга кимдир бирөөнүн таасири болдубу?
- Жок. Кесибимди өзүм тандап, орган адамы болуп калышыма эч ким деле түрткү берген жок. Тагдырдын жолу эле ушундай болду. Бирок мыкты адис болушума үч адамдын салымы чоң. Ал кишилер туурасында, алардын мага көрсөткөн жолу, берген кеп-кеңештери туурасында айтпай кетпесем болбос. Биринчиден, ал менин атам, атамдын акыл-насаат сөздөрү, тарбиясы менин турмушумда чоң таасир берди десем жаңылышпаймын. Ал эми, мен алгач ИИМдин Басма сөз кызматына келгенде ыраматылык Жолдошбек Бусурманкулов ал жакты жетектеп турган. Ошентип Жолдошбек агай менин биринчи жетекчим болуп калды. Бейиши болгур ушунчалык акылман, кыйын киши эле. Адамкерчилик сапаты менен билими айкалышып турчу. Билген нерселеринин бардыгын мага үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, өзүндөгү болгон нерсени мага берди. Айтор ал кишиден көптү үйрөнүп, тарбияланып, таасир алдым.
Андан кийин Нурлан Жумашев деген адам менен иштешип калдым. Ал киши начальниктин орун басары болчу. Бирге иштешкен төрт жыл ичинде ал кишиден да көп сабак алдым. Чынында мага аябай үлгү болду. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамда, эмгек жолумда ушул эки адамга абдан ыраазымын. Анткени бул кишилер менин мыкты адис болуп калыптанышыма салымы чоң болду.
- Ушул жерден үй-бүлө күттүм дегениңизге караганда жездебиз да ИИО тармагынын адамы окшойт?
- Туура баамдадың, өмүрлүк жолдошум Кубакаев Бактыбек Жеңишевич да ушул тармактын адамы, милициянын полковниги. ИИМдин ардагери, тактап айтканда 2017-жылдан бери ардактуу эс алууда. Мен ИИМге иштеп келсем, Бакыт да бул жакта иштечү экен. Анда мен жаш, лейтенант кезим болчу. Ошентип экөөбүз таанышып, сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Кудайга шүгүр 23 жылдан бери бир түндүктүн алдында ынтымактуу, бактылуу өмүр кечирип келе жатабыз. Кээде отуруп «Милиция эмес, башка тармактын адамына турмушка чыкканымды кандай болот эле?» - деп ойлонуп калам. Анткени, экөөбүз тең бир тармактын адамы болгондон кийин бири-бирибиздин жумушубузду жакшы түшүнөбүз. Ашыкча кызгануу, түшүнбөстүк деген болбойт. Колубуздан келишинче кеп-кеңешибизди айтып, бири-бирибизди колдоп турабыз. Жубайлар бир тармакта иштегендин ушунусу жакшы экен. Ал эми жаман жагы революция, өзгөчө кырдаал сыяктууу өлкөдө курч абал жаралганда балдарды таштап коюп, экөөбүз тең жумушка чыгып кеткенибиз гана болбосо....
- Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат дегендей, балдарыңыздар сиздердин жолду улап, ИИО адамы болом дешсе, колдойсуздарбы? Дегеле аларды тарбиялоодо кандай принциптерди карманасыздар?
- Туура айтасың, ата-эне деген баланын күзгүсү болот. Ата-энеге карап бала тарбияланат, калыптанат, түздөнөт экен. Биздин үч уул, бир кызыбыз бар. Бир үй-бүлөдөн бир тарбияны көрүп чоңойсо деле, ар бир балаң ар башкача болот экенин байкадым. Мисалы биздин балдардын төрт башка кыялы, төрт башка кызыгуусу бар. Улуу балабыз Феликс орган адамы болгусу келбей турганын айтып, учурда Томск шаарындагы университетте 4-курста окуп жатат. Келечекте геолог болот. Андан кийинки уулубуз Эрнст Россиянын Омск шаарында ИИМдин Академиясында билим алууда. Биздин жолубузду жолдоп, ишибизди улантып, милиция кызматкери боло турчу уулубуз ушул. Анан кызыбыз Салтанат 5-класстын окуучусу. Эң кичүү уулубуз 4-жашта. Улуу балдарыбыз эркек балдар болгону менен үйдөн бардыгын жасашат. Негизи эле жолдошум экөөбүз тең балдарды көп эркелетпей, катуу кармап чонойттук, балдарды жалкоо кылбай эмгекке үйрөтөлү деп, шаарда турсак да колго мал кармайбыз. Ошондон улам эки уулубуз тең кой союп, жиликтегенди, кыргыз мырзасына таандык жумуштарды кылганды билишет. Шаардык балдардай болуп ак кол, ак чүч балдар болушкан жок, кудайыма шүгүр. Эт кайдан, ун эмнеден келээрин көрсөтүп, кичинесинен эмгекке үйрөттүк. Экөө тең Россияда окуп, бизден алыс жүрүшсө да өз каражандарына тың оокат кылып келе жатышат. Келген сайын биздин аларга жакшы тарбия бергенибизди, бардыгын үйрөткөнүбүзду айтып, бизге ыраазычылыктарын билдирип калышат. Сиз айткандай бала көргөнүн жасайт дегендей, кызым 11 жашта болсо дагы ичеги-карын артып, жөргөм, быжы жасаганды билет. Биз жумуштан келгенче тамак жасап, бөбөгүн карайт. Негизи ар бир үй-бүлө өз баласын коомго тарбиялап бериши керек деп ойлойм.
«Биз балдарыбызды ушинтип тарбиялап, коомго чыгарып жатабыз. Ал эми бизге келе турган келин болчу кыздарды ата-энеси кантип тарбиялап жатты болду экен?» - деп жолдошум экөөбүз сүйлөшүп калабыз. Балдарың чоңойгон сайын кандай адам бүлө болуп келет деп сары санаа болот экенсиң. Жакшы келиндерге туш болсок экен деп эле тилек кылып отурабыз.
- Кыргыз айымдарына карьера жасоо оор. Мамлекеттик кызматтан сырткары да аны үйдө үй тиричилиги, бала тарбиялоо, кайын- журтка кызмат кылуу деген нерселер күтүп турат. Ошол себептен экөөнү бирдей алып кеткендер аз. Сиз экөөнү бир алып кеткеңиздин сыры эмнеде?
-Биринчиден, жолдошуң жакшы болбосо эч кандай ийгиликке жете албайсың. Үйдүн тиричилигинен болобу, жумуштан болобу же илимий эмгек жазамбы айтор бардык тараптан колдогон менин жолдошум жана бир туугандарым болду. Ошол себептен мен үй-бүлөнү да, карьераны да бир алып кеттим.
Экинчиден, мен өзүмдү эмгекчил, аракетчил адамдардын катарына кошом. Дайыма алдыма максат коём да, ага жетүү үчүн кандай тоскоолдук болсо да жеңип чыгып, ошол максатыма жеткенге аракеттенем. Эртеңки жасай турган ишиме бүгүн план түзүп алып, ошол план менен иштейм. Эч качан бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбаганга аракет кылам. Бүгүнкү иш эртеңкиге калып калса эле анда үстү-үстүнө үйүлө берет. Күнүңкү ишти күндө бүткөрсөң эле ишиң алдыга жылат деп ойлойм.
Аял киши бардыгын бирдей алып кетиши керек. Ал бардык эле аялзатынын колунан келет деп ишенимдүү түрдө айта алам. «Мен кыла албайм, жетишпей жатам» - деген аялдарга ишенбейм. Мен жашоо-турмушка шылтап эле турмуштун көр түйшүгүнө көмүлүп калбайм. Балдарым бир жарымга чыккандан кийин эле бала бакчага берип жумушка чыгып кетчүмүн. «Балдарым жаш, караганга киши жок» - деп үйдө отуруп калып же «Иштеп жатам, колум тийбейт» - деп наалып, балдарым багылбай, жолдошум каралбай калган эмес. Болбосо бардык эле аялдардын түйшүгү менин башымда деле бар. Жумуштан үйгө барып, балдардын сабагын окутуп, тамак жасап, диссертациямды жазып, таң атпай кайра сыр бербей жумушка кетип калчумун. Азыр 50 жашка келдим. Эми деле карыдым, жашым өттү дебей, доктордук ишимди баштоонун алдында турам. Эми аны бүтмөйүнчө жаным тынбайт. Атам бизге «дайыма ажаат ачып жүргүлө» - деп көп айтчу. Ошол себептен жумуштан да билген нерсемди жаштарга үйрөтүп, кадр чоңойтконго, өстүргөнгө аракет кылам. «Бир жерди карап отура бербей иштегиле, изденгиле, илимий иш жазгыла» - деп аларга мотивация берип турам.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg