www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Райымбек Матраимов сыяктуу байлар көп. Ал эми мамлекеттик кызматтарда иштеп байыган 100гө жакын адамдар бар. Алар депутат, министр акимдер жана айыл өкмөт башчылары болгон. Бул тууралуу Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин төрагасы Камил Умаров "NazarNews" маалымат агенттигине билдирди.
--“Кыргызстанда Райымбек Матраимов сыяктуу байлар көп. Бирок, алардын кылыктары чыкпай жатат. Ал эми коррупция кылбаган Матраимов сыяктуу адамдарга карата каралоо болуп жатканы өкүнүчтүү. Биз 100гө жакын байларды ачыктап беребиз. Алардын көпчүлүгү бийликте жүргөн адамдар мисалы, депутат, министр акимдер жана айыл өкмөт башчылары бар. Алардын кантип байыганы боюнча фактылар чогултулган. Мен жаңы президент келсе, тиешелүү органдарга документтерди берем. Аларга карата дагы чараларды көрүлөт деп ишенем.
Биздеги күч органдары өкмөттүн жерлерин, имараттарын, пансионаттарын же башка ушул сыяктуу мамлекетке тишешелүү мурда мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды текшериши керек. Баарын көтөрүп чыкса баары ачыкка чыгат. Ушундай жол менен мыйзамсыз байыгандар көп. Ал эми Райымбек Матраимов антип мамлекетке, элге тиешелүү жерлерди, завод, пансионаттарды алып алган жок. Эгер ошондой болсо бир факты таап чыгышса болмок. Канча убакыттан бери каралап келишет, ошого карабастан өлкөгө акча төлөп берейин деген сөзүн аткарып жатат. Мисалы. Алмазбек Атамбаевдин канчалаган жерлери бар экен, аны белекке берген деп жүрөт, ал досу кайсы акчасына алып берди. Ал деле мамлекеттик кызматкер. Мамлелекттик кызматкерлер андай үйлөрдү курууга, ошончо байлык топтоого даремети жетпейт. Кыргызстанда өмүр бою мамлекеттик кызматта таза иштеген адамдар 2 бөлмөлүү үйлөрдө жашап жүрүшөт. Мен азыр боло турган президентке жана УКМКнын, финполдун төрагаларына жана башка жетекчилерге кайрылат элем. Мындан ары мамлекеттик кызматтарда иштеген баардык байлардын кантип байыганын текшергиле. Ошондо тең салмактуулук болот. Мына ошондо гана эч ким мамлекетке зыян келтирбей калат”,-дейт Камил Умаров.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg