www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-декабрга бир дагы президенттикке талапкер 30 миң кол топтоо боюнча документтерин тапшыра элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү кол топтоо жана күрөөнү өткөрүп берүү боюнча документтер кабыл алынган акыркы мөөнөт.
“45 адамдын ичинен 5-6 арыз берүүчү БШКга 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө которуу боюнча документтерин алып келишти”, – деп кошумчалады Бекматов.
Учурда 65тин ичинен 45 гана президенттикке талапкер бар. Алар талапкерди каттоонун акыркы күбөлүгүн 14-декабрга чейин алышат. Ал эми 15-декабрда шайлоо үгүтү башталат. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Булак: NazarNews.kg