www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар боюнча комиссиясы медициналык каннабиса (ошондой эле кара куурай чайырын) эң кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгаруу үчүн добуш берди. The New York Times гезити билдиргендей, эми марихуана “терапиялык касиетке ээ” деп жазылат.
БУУнун чечими өлкөлөрдү кара куурайга каршы саясатын өзгөртүүгө милдеттендирбейт, бирок аны тизмеден чыгаруу, эксперттердин айтымында, марихуананы легалдаштырууну жактагандар үчүн чоң символикалык мааниге ээ, ошондой эле каннабиноиддерди колдонуу менен медициналык изилдөөлөрдү жөнөкөйлөтө алат.
Марихуананы кооптуу дарылардын тизмесинен чыгарууну 27 өлкө (анын ичинде АКШ жана Европа Биримдигинин мүчөлөрү) колдогон. Россия, Кытай, Пакистан жана Нигерия баш болгон 25 өлкө каршы чыгышкан. Добуш берүүдөн калыс калган өлкө жалгыз гана Украина болду.
Булак: NazarNews.kg