www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин  дүйнөлүк лидер катары өзүн ааламга таанытты. Өзгөчө анын дүйнөнү эч ким жалгыз ээлик кылып башкарууга укугу жоктугу үчүн күрөшкөн, адилеттикти, тең салмактуулукту жактаган позициясы, дүйнөлүк масштабдагы көрөгөч саясаты катары көптөрдүн көзүн ачты десек жарашат. 

Мына айталы, азыркы кездеги Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук жаңжал аймактык кызыкчылыктын кагылышы эмес, АКШ башында турган Батыш өлкөлөрүнүн бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетине каршы, келечектеги дүйнө — көп полярдуу жамааттык чечимдердин дүйнөсү болушу керектигин жактаган күрөш. 

Башкача айтканда, Путин жалгыз өзү, кимдин эмне кылып, кантип жашаш керектигин үйрөтүп көнүп калган АКШ, Батыш өлкөлөрүнүн, бүтүндөй НАТОнун мизин кайтарган саясат жүргүзүп, алардын үстөмдүгүнө моюн сунбаган тең укуктуу дүйнөнүн болушун камсыз кылууга жан үрөөдө. Мындай саясат, алсыз өлкөлөрдү ар кандай шылтоо менен басып алып, жаратылыш ресурстарын талап-тоногон Америка башында турган Батышка жакпай жатат. 

Мына Сочиде “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун ХХ жыйыны өтүп, "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада талкуу жүрдү. 

Дал ушул жыйынында сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин дүйнөнү кандай ракурстан кароо зарылдыгы боюнча олуттуу билдирүү жасады. Аныгында дүйнөлүк саясий кырдаалдын жагдайын алаканга салгандай түшүндүрүп берди. 

Арийне, Путиндин жыйындагы билдирүүлөрүнүн урунттуу учурларына токтолсок, Россия менен АКШ баштаган Батыштын ортосундагы Украина жаңжалына байланган тирештин түпкү мааниси, дүйнөлүк тартипти жаңылоого багытталган геосаясий, экономикалык кызыкчылыктардын кагылышынын тамыры эмнеде экени түшүнүктүү болот. 

Мына Владимир Путиндин Россиянын эл аралык мамилелерде кармана турган принциптери тууралуу айткан жагдайга көңүл буралы: 

Биринчи принцип катары ал тоскоолдуксуз чөйрөнү атады. Бул тууралуу: "Биз адамдардын баарлашуусуна, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жана өнүгүшүнө эч ким жасалма тоскоолдуктарды жаратпаган, ачык, өз ара байланыштагы чөйрөдө жашагыбыз келет. Тоскоолдуксуз чөйрө керек", — деди.

Экинчи принцип тууралуу айтып жатып Россия дүйнөнүн көп кырдуулугу жөн гана сакталбастан, ал жалпы өнүгүүнүн пайдубалы болушу керектигин каалайт деп белгиледи. Тактап айтканда: "Бир да өлкөгө же калкка кантип жашап, эмнени туюп-билүү керектигин таңуулоого тыюу салынышы зарыл. Чыныгы маданияттуу жана өнүккөн көп кырдуулук гана элдин жакшы турмушун жана кызыкчылыктардын теңдигин камсыздайт", — деп айтты. 

Үчүнчү принцип — Россия максималдуу жамааттык өнөктөштүк. Атап айтканда: "Келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү. Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок жана дүйнөнү бирөөнүн атынан башкара албайт", — деп билдирди. 

Путин төртүнчү принципти жалпы коопсуздук жана тынчтык бардык мамлекеттердин сый-урматы аркылуу түзүлөт деп түшүндүрдү.

Бешинчи пункт — адилеттүүлүк. Россия президентинин айтымында, жакшы нерселер баарына жеткиликтүү болушу керек. Ал эми аны чектөөгө жасалган аракеттер агрессия катары каралышы кажет.

Алтынчы принципти ал тең укуктуулук деп айтты. Бай же күчтүүрөөк өлкөлөргө башкалардын баш ийүүсү болбой турганын, Россия Федерациясы тең укуктуулук жана бардык өлкөлөрдүн потенциалынын түрдүүлүгүн жактай турганын белгиледи.

Айтор, Путиндин билдирүүсүндө Батыш кандай гана жол менен болбосун өз кызыкчылыгын ишке ашыруу менен алек болуп калганын, бул колониялык доордогу ой жүгүртүү болоорун билдирди.

Мындан улам, Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жоктугун, башкача айтканда, Украина кризиси — территориялык жаңжал эместигине токтолуп: “Кошумча территориялуу болуу ниетибиз жок. Сибирь, Ыраакы Чыгыш, айтор, өздөштүрө турган өзүбүздүн жерибиз жетиштүү”, — деп, Россия — аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды. Буга байланыштуу "Украинадагы тирешүүнү Россия баштаган жок, тескерисинче, 10 жылдан бери созулуп келе жаткан согушту аягына чыгарууну көздөйт" деп кошумчалады. Бирок, АКШ азыр Украинаны колдоого чама-чаркы жетпей турганын, анткен менен жаңжалды токтотпой акча таап, басып чыгара коюга даяр экендиктерин айтты. 

Анын айтымында, келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү болот. Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок жана дүйнөнү бирөөнүн атынан башкара албайт. Өлкөгө же калкка кантип жашап, эмнени туюп-билүү керектигин таңуулоого тыюу салынышы зарыл.

Буга байланыштуу кимдин эмне кылышы керектигин үйрөтүп көнүп калган Европа менен АКШга карата: "Батыштын одоно айтылган билдирүүлөрү — колониалдык доордогу ой жүгүртүү. Көзүңөрдү ачкылачы. Ал доор бүткөн, кайрылып келбейт", — деп эскертти. 

Мындан тышкары, Батыш компромисс эмне экенин эсинен чыгарганын, алар өз кызыкчылыгын кандай гана жол болбосун ишке ашырууну каалашарын, ошол эле учурда Россия дайыма бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган чечимдерди сунуштоого аракет жасаарын билдирди.

Эскерте кетсек, “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости