www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин Брянск облусунун чек ара аймагына "украин диверсанттарынын чабуулун" террордук акт катары баалады. Бул тууралуу ал видеобайланыш аркылуу катышкан Мугалим жылынын ачылышында билдирди, деп маалымдайт Кремлдин сайты.

«Бүгүн дагы бир террордук акт, дагы бир кылмыш жасашты. Алар чек ара аймагына кирип, карапайым элге ок чыгарышты. Алар жарандык унаа экенин, ал жерде карапайым тургундар менен балдар отурганын көрүшкөн», - деди президент.

«Алардын милдети - бизди тарыхый эс-тутумдан, каада-салтыбыз менен тилибизден ажыратуу», - деп кошумчалады Путин.

2-мартта Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз "украин диверсанттары" аймакка кирип кетип бара жаткан унаага ок чыгарганын, натыйжада бир тургун каза таап, он жашар бала жарадар болгонун билдирген. 

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, эки калктуу конуш - Украина чек арасына жакын жерде бири-биринен 15 чакырымдай аралыкта жайгашкан Сушаны жана Любечане айылдарына чабуул жасалган.

Федералдык коопсуздук кызматы анын кызматкерлери жана Коргоо министрлигинин ага караштуу күчтөрү Брянск облусунун Климовск районунда “украин улутчулдарын жок кылуу” үчүн иштеп жатканын билдирди. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнөн, анын ичинде Брянск облусундагы окуялар боюнча такай отчет алып турганын билдирди.

Өз кезегинде Украина президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Брянск облусунда украиналык диверсиялык-чалгындоо тобу кол салуу жана адамдарды барымтага алуу тууралуу кабарларды провокация деп атады. «Бул классикалык провокация», - деп жазды ал Твиттерде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости