www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин быйыл Сауд Арабиясынын төрагалыгы астында өтүп жаткан G20 саммитине катышты. Коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карай иш-чара видео форматында уюштурулду.  

Россиянын лидери өз сөзүндө 2020-жылы адамзат болуп көрбөгөндөй масштабдагы көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын баса белгиледи.

"Коронавирус эпидемиясы, глобалдык экономикалык иш-аракеттердин токтоп калышы жана системалуу экономикалык кризисти баштады, мындай кырдаалды азыркы дүйнө Улуу Депрессиядан бери көрбөсө керек. Улуттук экономикалардын өсүшү олуттуу түрдө бузулду. Пандемия буга чейин ондогон, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон адамдар жумуш ордуларынан  жана кирешелеринен айрылышты"- деген темада маалымат берди.

Путин негизги тобокелдикти масштабдуу жана узак мөөнөттүү жумушсуздук деп атап, андан кийин жакырчылыктын көбөйүшү жана мунун алдын алуу үчүн иштелип чыккан G20нын ролун белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости