www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жүк катары 400 орундуу оорукананы куруу үчүн 80 контейнер келген.

Контейнерлердин келген учурундагы видео "Короче" Телеграм каналына жарыяланды.

"Бизге Өзбекстан өкмөтү темир жол аркылуу жөнөткөн жеңил ооруканалар келип түштү. Алар 400 орундуу 80 контейнерден турат. Бишкектеги Улуттук госпиталдын аймагында 200 орундуу 40 модулдуу имарат курулат. Баткен облусунда да 200 орундуу дагы 40 модулдук имарат курулат» - деди саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, жүктү тосуп алып жатып.  

Ал ооруканалар эки жуманын ичинде пайдаланууга берилерин кошумчалады.
Кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу үчүн бейтаптарды дарылоого Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлердин келиши күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости