Эрнест Карыбеков: “Убактылуу өкмөт, 2010-жылы Башмыйзам элди коркутуп, кысымга алуу менен кабыл алдырган"
Саясат  |   |  2061

Айрым өзүн либералдуу эсептеген саятсатчылар 10-30 жыл мурун болгон окуяларды бат эле унутуп калышса керек. Кыргызда “Эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат, адилет болбой эл жарыбайт” – деп айтылат. “Эл караган бетим жер карап калбасын, намыс өлүмдөн өйдө, кан бийлигинен нарк күчтүү”, ж.б. улуу наркты кыргыз эли тутуп келген түбөлүк баалуулуктарын эске алып Кыргызстандын жакынкы тарыхына кайрылсак:

1. Эгемендүүлүктү алгандан бери тогуз жолу өзгөрүлгөн Конституция элибизди, өлкөбүздү, мамлекетибизди бүгүнкү оор абалга алып келди: элибиздин байлыгы таланды, эл бай-кедейге бөлүндү, жакырчылыктын сазына батты, жумушсуздуктун кесепетинен жер-жерлерде тентип жүрөт. Мансаптуулар, бийлик өкүлдөрү элине кызмат кылуунун ордуна элдин эсебинен жыргап-чардап жүрүшөт. Эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Демек, бизге элибиздин турмушун оңогон, жашоо-шартын жакшырткан, рухун көтөргөн, ыйманын ысыткан, маданиятын өркүндөткөн, өлкөбүздү өнүктүргөн, мамлекетибизди күч-кубатка толтурган Баш мыйзам керек.

2. Эске салсак, акыркы 2010-жылкы (2016-жылы өзгөрүүлөр кирген) Конституцияны кабыл алып жатканда көп мыйзам бузуулар жана катачылыктар кетирилген: - 2010-жылы Баш мыйзам элди коркутуп, кысымга алуу менен кабыл алынды (Башмыйзамды колдобосоңор түштүктө кыргыз-өзбек чатагы тынчыбайт – деп);

- Түштүктө өзгөчө абал киргизилгенде Конституциянын (2003-жылы) 10-беренеси референдум өткөзүүгө жол бербесе да Убактылуу өкмөт күчкө салып референдумду мыйзамсыз өткөрдү; - бир айдын ичинде шашып-бушуп даярдалган чийки Конституция элдин алдын-ала талкуусуна коюлбай, жоо куугандай тездик менен референдумга коюла койгону – өзү мыйзамсыз болгон.

3. Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам кыргыз мамлекеттүүлүгүн талкалаган куралга айланды: - анын 70–беренесинде Жогорку Кеңешке пропорцианалдуу шайлоо киргизип (жалаң гана саясий партияларды шайлоого катыштырып, муну эл кийин гана түшүндү), бир дагы саясий партияга мүчө болбогон, болгусу да келбеген Кыргызстан элинин 90-95% Жогорку Кеңешке талапкерлерди көрсөтүү жана талапкер болуу укугунан мыйзамсыз, Баш мыйзамдын 16-беренесин одоно бузуу менен ажыратып, элди “ак-сөөк, кара-сөөк” кылып экиге бөлүп салганы болду;

- Конституциянын 73-беренеси “депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт, ага суроо-өтүнүч (наказ) берилбейт” – деп, депутаттарды кудайдын эрке баласындай кылып, эч нерсеге, эч кимге жооп бербегенин, эч кимге баш ийбегенин, каалаганын кылып, чардап, тойлоп, байлык гана топтогонун мыйзамдаштырып берди; - жыйындарга жылдап, айлап келбесе да, депутаттар жылына элдин 800 млн.сом акчасын жеп ( беш жылда 4 млрд.сом коротуп!), эл менен эсептешпей, өзүн элден бийик койгонго алып келди;

- Саясий партиялар Башмыйзамдын 4-беренесин тебелеп, чоң кызматтардын баарын устукан тараткандай бөлүп алышып, аларга жалаң гана партиялаштарын коюп, өкмөтту өзүнө толук каратып, сотторду тандоо укугу менен сот бийлигин да көз-каранды кылып, мамлекет бийлигин менчиктештирип (узурпациялап), Башмыйзамдын 3, 5 – беренелерин одоно бузушту;

- Бюллетенге тикелей-түз Эшматты, же Ташматты шайлабай, партияларды шайлайбыз дегени (кыргыз элин алдоо, мазактоо, басынтуу!); - жалпы шайлоочулардын санынан 50 пайыздан аз шайлоого катышса деле шайлоо өттү деп саналат (20-30% келсе деле), дүйнөлүк стандартта 50 пайыз добуш алганда гана депутаттар мыйзам чыгаруу укугуна ээ болушат! Бул иштер мамлекеттик түзүлүшкө кыянат деп бааланса да, саясий партиялар 2020-жылы октябрда шайлоого катышып, 2021-жылы кайра шайлануунун камын көрүп жатышат.

Айта берсек айрым депутаттардын, саясатчылардын түз катышуусу менен катачылыктар жана мыйзамсыз иштер 2010-жылдан бери көп болгон (геоэкономикалык, геосаясаттык, президент менен сүйлөшүп алып өкмөттүн башчыларын каалагандай калчап, жумуштан алып – мамлекеттик узурпациялоо болуп эсептелинет жана элибизди, өлкөбүздү, мамлекетибизди азыркы туңгуюкка алып келгенге зор салымдары бар.

Демек, азыркы Конституция жараксыз, мезгилдин талап-шартына жооп бербейт, аны олуттуу, сөзсүз жоё турган убакыт келди. Кыргызстан бүгүн жаңы Конституцияга абадай муктаж болуп турат. Бул – эл тагдырын чечкен эң талулуу маселеси.

Азыркы оор абалды эске алып, алакандай кыргыз эли биригип, саясатчылар тизгин талашуудан алыс болуп (парламенттик же президенттик башкаруу жолдорунун ордуна), мамлекет башкарууга элдин катышуусун, салмагын, таасирин кантип эки, үч, беш эсе бийик көтөрө алабыз деп изденсе мезгилдин талабына ылайык болот эле.

Европа элдерин канча кылым ким башкарып хан болгону жакшы белгилүү. Кыргыздын тарыхында эл башкарган хандарды издеп таппайбыз. Тарыхыбызда баатырлардын ысымдары арбын. Кыргыздын мыкты жигиттеринин бири Садыр Жапаров өлкөбүз оор абалда турганын билип, жоопкерчиликти өзүнө алып, элдин жашоо-турмушун өзгөртөм, өлкөнү, мамлекетти азыркы туңгуюктан чыгарам деген ниетин жалпы калкка билдирди. Баарыбыз биригип, жеке амбициябызды мамлекеттин кызыкчылыгынан төмөн коюп, башка элге, башка өлкөлөргө уят болбой, ынтымакта болуп, Кыргызстандын жаңы өнүгүү, бейпилчилик тарыхына салымыбызды кошуп, мамлекетибизди бүгүнкү оор абалдан алып чыгарганга аракет кылалы. Азыркы убакытта Бишкек калаасында өтүп жаткан Конституциялык кеңешке сунуштарыбызды берели. Ырыс алды – ынтымак. Баарыңарга ийгилик каалайм.

Эрнест Карыбеков, саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями