www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигине мүчө болбогон башка да 7 мамлекет бул Биримдиктин Беларуска каршы чектөөлөрүн колдоп чыгышты. Августтагы жыйынтыгы бурмаланган делген президенттик шайлоодон кийин жапатырмак нааразылык иш-чараларына чыккан жарандарын ырайымсыздык менен жазалоосун сындаган Минскке каршы 27 мүчө өлкөсү бар Евробиримдик бир катар чектөөлөр киргизген.

Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Жозеп Боррел 20-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө Албания, Түндүк Македония жана Черногория сыяктуу бул ынтымакка мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдөн тышкары Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Украина да Беларусия санкция киргизүү жүрүмүнө кошулганы белгиленди.

Боррелдин 19-ноябрдагы айтымына караганда, эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бул ынтымактын Беларус төбөлдөрүнө карата чектөөлөрү ошондой эле мекемелерге, ишкерлерге жана компанияларга да жайылтылаары тууралуу макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости